Ошто мыйзамсыз курал алып жүргөн топ кармалды. Алар милицияга каршылык көрсөтүшкөн
RU

Ошто мыйзамсыз курал алып жүргөн топ кармалды. Алар милицияга каршылык көрсөтүшкөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Башкармалыктан билдиришкендей, алардын жанынан мыйзамсыз курал-жарак табылды.

Белгиленгендей, аталган топтун мүчөлөрүнүн унаасынан АКСУ-74У үлгүсүндөгү автомат (магазининде 4 огу бар болгон), 1 даана тапанча (магазинде 3 огу бар) алынган. Кармоо учурунда балдар милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшүп, качууга аракет жасашкан.

Автоунаада отурган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну 1996-жылы туулган Ө. уулу Т., Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну 1993-жылы туулган А. уулу Э. жана Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 1994-жылы туулган Ш.Т. кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.

Учурда алгачкы тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалгандардын баары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылышкан жарандар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12284