Эми биз "Фрунзе" эле эмес, бүтүндөй "Азиябыз"!
RU

Эми биз "Фрунзе" эле эмес, бүтүндөй "Азиябыз"!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Фрунзе" дүкөндөр тармагы аталышын өзгөрттү. Эми аталган соода тармак "Азия" деп аталат. Жаңы аталыш адегенде Бишкектеги бир нече дүкөндөрдүн көрнөк-жарнактарында, андан кийин бүткүл республика боюнча жаңыланат.

Өзгөртүүнүн себеби

Убакыттын өтүшү менен Фрунзеден алда канча чоң боло аларын түшүнгөн соода тармагы азыркы учурда атын өзгөртүп жатат. Бул жаңылык гипермаркеттер тармагынын өнүктүрүү стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат. Максаты – Азия брендиндеги товарлардын кеңири ассортименти менен эң ыңгайлуу дүкөндөрдүн тармагы болгон дүйнөлүк компания болуу. Бул кызматкерлер үчүн да, кардарлар жана өнөктөштөр үчүн да жакшы жакка өзгөрүү. "Фрунзе" гипермаркетинин негизги баалуулугу - кардарлардын суроо-талаптарын канааттандыруу. Өнүгүү стратегиясы сатып алуучуга басым жасоону жана рыноктун географиялык камтылышын кеңейтүүнү караштырат.

Эмне үчүн "Азия"?

"А" тамгасы компания менен байланышкан бардык ишканалардын баалуулуктарынын бир белгиси болуп саналат. Жаңы аталыш "Азбука" жана "Азия" дүкөндөр тармагы ортосундагы биримдикти жана ишенимдүү кызматташтыкты баса белгилейт. "Азия" жаңы аталышы компаниянын глобалдык амбицияларын жана анын кеңири керектөө рыногуна багытталгандыгын чагылдырат. "Азия" гипермаркеттер тармагы өз кардарларына жогорку сапаттагы өнүмдөрдү жана кызматкерлерине карьералык өсүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап, активдүү өнүгүүнү улантат.

"Жаңы аталыш менен биз өнүгүүнүн жаңы этабын баштайбыз. Биздин ишканада 3000 миңден ашык адам иштейт. Биз Кыргызстандагы ISO 9001:2015 башкаруу жана сапат тастыктамасынан өткөн алгачкы компания-ритейлербиз. Биз экологияга кам көрөбүз - бул "Best Recycle Practice" Лейбли – экологиялык маркалоосун колдонуу укугуна уруксат жана шайкештик сертификаты менен тастыкталат. Бул калдыктарды кайра иштетүүгө жана кайра колдонууга өткөрүп берүү үчүн компанияда таштандыларды өзүнчө чогултууну киргизүү аркылуу башкаруунун эң мыкты тажрыйбасы.

Биз ар бир сатып алуучунун пикирин баалайбыз - күн сайын сатып алуучулардан ар кандай булактардан 200дөн ашуун пикир, сын-пикирлер келип түшүүдө: телефон чалуулар, билдирүүлөр, электрондук каттар. Алар автоматтык түрдө корпоративдик портал тарабынан катталат. Кардардын ар бир суроосу же каалоосу белгилүү бир кызматкерге жүктөлөт жана анын милдети өз убагында кайра байланышты камсыз кылуу. Иштин мындай уюштурулушунун аркасында бир дагы суроо жоопсуз калбайт", - дейт "Азия" ("Фрунзе") дүкөндөр тармагынын маркетинг боюнча директору Натали Каширина.

12 жыл ичиндеги жетишкендиктери

Тармактын биринчи дүкөнү 12 жыл мурун Бишкекте ачылган. Азыр 53 дүкөн бар. Алардын 10у Ошто жана Жалал-Абадда жайгашкан. Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында супермаркеттерди ачуу пландалууда. Албетте, "Азия" жана "Азбука" жаңы бренддери астында. Компания аймактарга чоң көңүл бурат, аларды өнүктүрүүнү жана алар менен бирге өнүгүүнү каалайт.

  • Өлкөдө биринчилерден болуп гипермаркет ачкан;
  • Биринчилерден болуп өзүн-өзү тейлөө кассаларын киргизген;
  • "Ар-Дайым" өздүк соода маркасы менен биринчи гипермаркет болгон;
  • Биринчилерден болуп "Нукура" өндүрүшүн баштаган;
  • Онлайн дүкөнү, мобилдик тиркемеси, бонустук карталары, Кыргызстандагы ири компаниялар менен интеграциясы бар.

"Компаниянын ар бир бөлүмүндө өзүнүн милдети бар. Биргеликте бирдиктүү команда түзөбүз. Менин бөлүмүмдүн милдеттеринин чегинде биз товарды жеткирип берүүчүлөрдөн текчелерге өз убагында жеткирүү маселесин чечебиз. Көптөгөн товарлар 8000 чарчы метр аянты менен бөлүштүрүүчү борборго жеткирилет жана сакталат. Анын аймагы футбол талаасынан да чоң. Тоңдурулган жана муздатылган азыктарды өзүнчө сактоо үчүн кубаттуулуктар бар", - дейт "Азия" ("Фрунзе") гипермаркеттер тармагынын логистика боюнча директору Татьяна Усманова.

Карьералык өсүш үчүн мүмкүнчүлүктөр

Компаниянын ар бир кызматкери карьералык тепкичтен өйдө көтөрүлүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Талыкпаган эмгектин аркасында сатуучу-кеңешчи болуп баштаган жумушчу менеджер боло алат. Кызматкерлердин өз дараметин ишке ашырууга, билим, тажрыйба жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу үчүн шарттар түзүлгөн. Бул үчүн милдеттүү түрдө тажрыйба керек эмес. Эң негизгиси каалоо, максат коюу жана мыкты болууга умтулуу. Команданын квалификациясын жогорулатуу максатында ар кандай тренингдерди жана окууларды өткөрөт.

"Фрунзе гипермаркетине 31 жашымда жумушка орношком. Сатуучу-кеңешчи кызматынан баштагам. Бир нече жылдан кийин мен 25тен ашык дүкөндү көзөмөлдөй баштадым", - дейт операциялык менеджер Гульнура Акимжанова.

"Азбука" дүкөндөр тармагы жөнүндө

"Азбука" дүкөндөр тармагы 2022-жылы ачылган. Мындай аталыштагы 5 дүкөн бар. Бул толугу менен жаңы форматтагы дүкөндөр. Бул брендди түзүүдө мурунку каталар эске алынып, жакшыртылган. "Азбука" дүкөндөр тармагын уникалдуу ассортимент жана кардарлар үчүн ыңгайлуу кылат. Максаты - дүкөндөрдү чындап ыңгайлуу кылуу.

Келечек тууралуу

"Азия" дүкөндөрү тейлөө сапатын жакшыртууну улантат. Гипермаркеттердин жаңы форматына убакыт келди. Алар андан да көп болот, алар жагымдуу соода үчүн мындан да ыңгайлуу болуп калат! "Азия" - ар бир сатып алууда береке!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12287