Акыйкатчыны шайлоо: Тармактык комитет эки талапкерди жактырды
RU

Акыйкатчыны шайлоо: Тармактык комитет эки талапкерди жактырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети акыйкатчы кызматына сунушталган талапкерлерди карады.

"Мекенчил" депутаттык тобу жана "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясы Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин көрсөтүп, депутат Коргонбай уулу Жусупбек талапкер тууралуу маалымат берди.

Ал эми Кулира Кубатованын талапкерлиги "Ыйман Нуру" фракциясы тарабынан сунушталууда, ал тууралуу депутат Динара Ашимова маалымат берди.

Талкуу маалында депутат Дастанбек Жумабеков акыйкатчы саясатка аралашпашы керектигин, бул институт КРнын Конституциясынын талаптарына ылайык иш алып баруусу зарыл деди.

Жыйынтыгында комитет көрсөтүлгөн талапкерлерди акыйкатчы кызмат ордуна шайлоо үчүн Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12290