Дмитриевкадагы ок атышуу. ИИМ террористти кармоо операциясы болгонун маалымдады
RU

Дмитриевкадагы ок атышуу. ИИМ террористти кармоо операциясы болгонун маалымдады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-майда эртең менен Дмитриевка айылында ок атышуу болуп, жол тосулганы кабарланды. Окуя боюнча ИИМдин маалымат кызматы билдирүү жасады.

Кабарлангандай, Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралдуу террористти кармоо операциясын өткөрүштү.

Аны кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөткөн. Бирок ИИМдин жана УКМКнын атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан куралдуу террорист жок кылынды.

Окуя болгон жерде ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери бар. Учурда тергөө ыкчам тобу иштеп жатат. Аталган операция боюнча кошумча маалымат берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12298