УКМК: "Кадастр" МИ Оштогу филиалынын башчысы кармалды
RU

УКМК: "Кадастр" МИ Оштогу филиалынын башчысы кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК КР жерлерди пайдалануу чөйрөсүндөгү коррупциялык схемаларды жоюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын директору С.И.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталып, бөгөт коюулду.

Такталгандай, 2020-жылдын август айында "Ош электро" ЖАК административдик имаратты сатуу боюнча аукцион өткөрүп, жыйынтыгында 8 миллион сом арзан баада жеке адамга саткан. Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн аянттагы жер тилкесинин 1 чарчы жердин базар баасы 2,5 миллион сомдон жогору болгон. Имараттын жалпы аянты 600 м2 ашуун.

Мындан тышкары, С.И.Б. белгиленген тартипти бузуп жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, көрсөтүлгөн жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик Актыны мыйзамсыз чыгарган. Шектелүүчү Ош облустук тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү башка коррупциялык фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1230