Ырчы Айпери Кубик кызы жолдошу менен ажырашканын айтты
RU

Ырчы Айпери Кубик кызы жолдошу менен ажырашканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Айпери Кубик кызы жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөнүн айтты. Бул туурасында ал Instagram баракчасында окурмандарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирген.

"Жолдошум экөөбүз көптөгөн сыноолордон улам 5 жыл ичинде чогуу жашап, бирде узакка ажырап, кайра жарашып аягы эки жолго түшүү менен аяктаган. Ажырашканыбызга бир топ убакыт болуп калды. Балдарым менен жалгыз бой энелердин катарындамын. Атам, апам, бир туугандарым бар, каралашып жатат.

Убагында мага жеңил болгон жок. Азыр баары сонун, шүгүр. Бул да болсо мага берилген сыноо.

Ким эле үй-бүлөм бузулсун дейт? Тагдырга баш ийүү керек экен. Кээде миң ирет аракет кылсаң да жыйынтык болбосо максатты өзгөрткөнгө туура келет", - деп жазган ал.

Айпери Кубик кызы 2014-жылы Нарулан аттуу мырзага турмушка чыгып, уулдуу болушкан. 2016-жылы түгөйлөр эки ажырым жолго түшкөн. Ал эми 2018-жылы экинчи ирет турмушка чыгып, уулдуу жана кыздуу болушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12310