Ысык-Көлдө мамлекеттик нотариустарга кылмыш иши козголду
RU

Ысык-Көлдө мамлекеттик нотариустарга кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик нотариустарга карата кылмыш иши козголду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашкандай, нотариустар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузган.

Тактап айтканда, нотариалдык келишимдер - ар кандай мүлктү пайдалануу жана тескөө укугуна ишеним каттарды түзүү (жарактуулук мөөнөтүнө карабастан), анын ичинде ишенимге өткөрүп берүү (унаа башкаруу жана тескөө үчүн ишеним каты, кыймылсыз мүлктү сатууга ишеним каттар жана башкалар), мурастоо күбөлүктөрүн берүү, кыймылсыз мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү (сатып алуу/сатуу келишимдери) боюнча келишимдердин күбөлүктөрү мыйзамды одоно бузуу менен катталган.

27-апрелден 5-майга чейинки мезгилде Каракол шаарынын, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун мамлекеттик нотариустарында ыкчам иликтөө иш-чаралары жана санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө жасалма ишеним каттар, каттоо журналдар жана кылмыш ишине тиешелүү башка далилдер табылды.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12312