Чек аралык маалыматтык порталынын иштеп баштоосу эл аралык соода-сатыкты жөнөкөйлөштүрөт
RU

Чек аралык маалыматтык порталынын иштеп баштоосу эл аралык соода-сатыкты жөнөкөйлөштүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук Азиянын беш өлкөсүндө Central Asia Gateway порталы иштей баштады. Ресурс Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда, Түркмөстанда жана Өзбекстанда соода-сатык жүргүзүү процедураларын жөнөкөйлөштүрүү боюнча маалыматтарды порталдардан алып бириктирет, ошондой эле өндүрүмдүн спецификасын эске алуу менен чек аралар аралык соода-сатыктын формалдуулуктары жана шарттары жөнүндөгү маалыматтардын жеӊил түрдөгү жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.

Central Asia Gateway бардык улуттук порталдардын мүмкүнчүлүктөрүн бир жерге топтогон, ал казак, кыргыз, тажик, түркмөн, өзбек, орус жана англис тилдеринде.

Central Asia Gateway Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү аймактар аралык жана аймактын ичиндеги соода-сатык жүргүзүүгө колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн. Иштеп чыгуучулардын жана аналитиктердин эмгеги, Эл аралык соода-сатык уюмунун жана БУУнун Соода-сатык жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын заманбап усулуна ылайык иштелип чыккан, соода-сатык жүргүзүү процедураларын жөнөкөйлөштүрүү боюнча беш порталды ишке киргизүүнүн жыйынтыгына таянды (ЮНКТАД).

Борбордук Азия өлкөлөрүндө региондор аралык жана аймак ичиндеги сооданы өнүктүрүүнү колдоо максатында түзүлгөн. Иштеп чыгуучулардын жана аналитиктердин эмгеги эл аралык соода борборунун жана БУУнун соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) заманбап методологиясына ылайык иштелип чыккан соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча беш порталды ишке киргизүүнүн натыйжаларына таянган.

"Чек аралар аралык соода-сатыкты жүргүзүүдөгү ачыктык жана жеке сектордун потенциалы эл аралык соода-сатык үчүн чечүүчү мааниге ээ. Central Asia Gateway жана Ready4Trade Борбордук Азия долбоорунун жана анын өнөктөштөрүнүн экспортту башкаруу боюнча аймактык окутуу программасы, жеке сектордун, тактап айтканда, кичи бизнестин муктаждыктарына өз убагындагы жооп болуп эсептелет", - деди Эл аралык соода-сатык борборунун соода-сатык процедураларын жөнөкөйлөштүрүү боюнча улук кеӊешчиси Пьер Бонтонно.

2021-жылдын 11-ноябрында ишке киргизилгенден баштап Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы "Сырткы соода-сатык чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" Борбору" МИ тарабынан иштелип чыккан платформаны InfoTrade.kg (бул жерде жеткиликтүү - https://info.trade.kg) 22 миңден ашуун колдонуучулар колдоно алышты жана анын аудиториясы өсүүдө.

Борбордук Азиянын беш өлкөсүндө Central Asia Gateway порталы иштей баштады. Central Asia Gateway Порталы дагы кенен мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ал соода-сатык процедураларын жөнөкөйлөштүрөт жана жалпы аймак боюнча соода-сатык операцияларынын натыйжалуулугун бизнестин жана мамлекеттик кызматтардын ортосундагы кереги жок өз ара аракеттенишүүлөрдү кыскартуу аркылуу жогорулатат.

"Мен өзүмдүн эл аралык соода-сатыкты жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүмө көбүрөөк ишенип калдым. Мен тиешелүү эрежелерди жана ченемдерди өздөштүрдүм. Укуктарымды жана чек арадагы күтүүсүз кырдаалдарда кандай аракеттерди көрүү керектигин билем", - деди стартаптын жаш кожойкеси Холбиби Эшонбобоева.

Аялдар чек аралар аралык соода-сатыкты ишке ашырууда кандай чектөөлөргө кабылып жатышкандыктарын түшүнүү жана практикалык чечимдерди сунуштоо үчүн ЭСБ Борбордук Азиянын беш өлкөсүндө 1500дөн ашуун аялдарга сурамжылоо жүргүздү. Чек ара кызматынын 600 ашуун кызматкерлери гендердик сезимтал чек ара чөйрөсүн түзүү үчүн соода-сатыкка көмөктөшүүнүн адилеттүү, этикалык усулдарын иштеп чыгуу боюнча окутуудан өтүштү, ал эми 350 ашуун аял-ишкерлер бажы мыйзамдары жана эл аралык ченемдик-укуктук базалар, бажы брокерлери менн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү, ошондой эле чек арадан өтүүдөгү эрежелер, укуктар жана милдеттер боюнча өз түшүнүктөрүн жакшырта алышты.

Ready4Trade Борбордук Азия долбоорунун алкагында аймактык жана эл аралык соода-сатыкты илгерилетүү үчүн, ар бир өлкөдө кичи жана орто ишканалар үчүн акысыз курстар нөлдөн баштап иштелип чыкты жана өткөрүлдү. Жалпы Борбордук Азия боюнча кичи жана орто ишканалардын 4500 ашуун өкүлдөрү чек аралар аралык ченемдик жана процедуралык талаптарга арналган онлайн жана күндүзгү формадагы окутуу семинарларына жана курстарына катышышты. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы күндүзгү формадагы инструкторлордун жетекчилиги астындагы семинарларда кичи жана орто ишканалардан 460 ашуун бенефициарлар окутулду, алардын ичинен 54% аялдар. Ready4Trade Борбордук Азия долбоору боюнча окутуу программасынын алкагындагы онлай-курстарда 500 ашуун бенефициарлар сертификат алышты. Кыргызстандагы окутуу программасы боюнча өнөктөшүбүз Кыргыз Экономикалык университети болуп эсептелет. Онлайн-курстар бул жерде жеткиликтүү - https://kg-export.learning-solutions.cloud/.

"Сырткы соода-сатыкты жүргүзүү жана экспорттоо Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эл аралык экономикага интеграциялануусунун маанилүү каражаты болуп эсептелет жана Кыргызстандын келечектеги улуттук экономикасын өнүктүрүү үчүн негизги мааниге ээ. Ошондуктан КЭУ ата-мекендик ишкерлерге өз товарларын экспорттоп баштоого жардам берип жаткан Ready4Trade долбоорун активдүү колдойт", - деп белгиледи КЭУнун ректору Алмаз Кадыралиев.

Соода-сатык процедураларын жөнөкөйлөштүрүү боюнча порталдар дүйнөнүн 30 өлкөсүндө ишке киргизилди, алар соода-сатык процедураларын жөнөкөйлөштүрүү боюнча БДССУнун (Бүткүл дүйнөлүк соода-сатык уюму) макулдашууларынын 1.2-беренелеринде бекитилген соода-сатык процедураларын жөнөкөйлөштүрүүнүн максаттарына жетишүүгө жол ачты.

Central Asia Gateway соода-сатыктын өнүгүүсүнө жол ачат жана аймакка инвестицияларды тартууда негизги ролду ойноосу мүмкүн. Платформалар БУУнун Экономикалык жана социалдык комиссиясы тарабынан Азия жана Тынч океан өлкөлөрүндөгү мыкты модель деп таанылган соода-сатык маалыматынын куралдары түйүнүнүн бир бөлүгү болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө бул түйүн 26дан ашуун өлкөнү камтыйт жана 2022-жылы 2,5 млндон ашуун колдонуучуларга маалымат берди. Бул түйүн дайыма туруктуу түрдө кулачын жайып келе жатат, ыраазычылыктарды алууда жана кызыгууну жаратууда.

Central Asia Gateway эң өтүмдүү товарлардын 277 ашуун соода-сатык агымдарын кучагына алат жана 160 миңден ашуун колдонуучуларга кызмат көрсөттү. Платформа соода-сатык жүргүзүү процедураларын жөнөкөйлөштүрүү боюнча жол карталарын иштер чыгуу үчүн колдонулду жана чек аралар аралык соода-сатык жүргүзүүнү жумшартуу боюнча 40тан ашуун кеңири сунуштамаларды ишке ашырууга жардам берди.

Эсиңиздерге сала кетсек, соода-сатык порталдары Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Эл аралык соода-сатык борбору тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ready4Trade Борбордук Азия" долбоорунун колдоо көрсөтүүсү алдында түзүлгөн.

Central Asia Gateway порталына кийинки шилтеме боюнча кире аласыздар https://infotradecentralasia.org/

Долбоор жөнүндө: Ready4Trade Борбордук Азия - бул Эл аралык соода-сатык борбору (ЭСБ) тарабынан Европа Биримдигинин каржылык колдоосу астында улуттук өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыктын негизинде ишке ашырылып жаткан төрт жылдык долбоор. Долбоордун максаты - Борбор Азиянын беш өлкөсүндө аймактын ичиндеги жана эл аралык соода-сатык жүргүзүүнү өнүктүрүү аркылуу Борбордук Азиянын экономикалык өнүгүшүнө жалпы туруктуу жана инклюзивдүү салым кошуу болуп эсептелет. Ready4Trade Борбордук Азия долбоорунун бенефициарлары өкмөттөр, кичи жана орто ишканалар, тактап айтканда аялдар жетекчилик кылган бизнеске колдоо көрсөткөн ишканалар болуп саналат.

Эл аралык соода-сатык борбору жөнүндө: Эл аралык соода-сатык борбору – бул Бүткүл дүйнөлүк соода-сатык уюмунун жана Бириккен Улуттар Уюмунун биргелешкен агенттиги. ЭСБ өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү микро-кичи жана орто ишканаларга эл аралык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болууга жардам берет, бул аркылуу БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө жол ачат. Кененирээк маалымат алуу үчүн кийинки сайтка кириӊиз: www.intracen.org.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12314