Украинадагы согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандык 10 жылга кесилди
RU

Украинадагы согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандык 10 жылга кесилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 16-майда Украинадагы согуштук аракеттерге катышкан деп айыпталган кыргызстандык жаранды 10 жылга эркинен ажыратты. Тиешелүү өкүм соттук актылардын жана жыйындардын сайтында жарыяланды.

Белгилүү болгондой, 31 жаштагы кыргызстандык К.уулу А. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Жалданмачылык" беренесинде каралган "Материалдык сыйлык алуу максатында башка мамлекеттердин куралдуу кагылыштарына тиешелүү мамлекеттик органдардын уруксаты жок катышуу" боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды.

*****

2022-жылдын июнь айында Москвада соттолгон К. уулу А. Украинадагы согушка катышуу үчүн "Луганск элдик республикасынын" (ЛПР) куралдуу топторунун катарына кошулууну чечкен. Июль айында Брянка шаарына барып, ай сайын 180 миң рубль төлөнүүчү аскер кызматына алынган. Ал чалгындоо иштерине катышып, күжүрмөн даярдык боюнча курстарды аяктаган, фронтто миномет жана ок-дарылар менен камсыз кылуу боюнча алектенген.

2022-жылдын ноябрь айында ал аскер кызматынан бошотулуп, алгач Москвага, андан соң Бишкекке кайтып келген.

2023-жылы январь айында Кыргызстандын жараны К. уулу А. кармалган.

Сотто айыпталуучу күнөөсүн моюнга алган эмес. Айтымында, ал Россиянын паспортун алуу үчүн бул аракетке барганын айткан. Кыргызстандык 2010-жылдан бери Россияда иштеп жатканын кошумчалады: 2021-жылы анын бизнеси банкрот болгон. Ошондой эле беш ай бою ЛНР деп аталган аймакта болгонун, согуштук аракеттерге катышпаганын, ар дайым аскер комиссариатында болгонун билдирген.

Соттун өкүмү

Сотто айыпталуучунун бир тууган агасы сурак учурунда кысым болгонун айтып, агасынын согуштук аракеттерге катышканын тастыктаган алгачкы көрсөтмөсүнөн баш тартты.

Жарыяланган өкүмгө ылайык, сот тергөө учурунда чогултулган далилдерди шектүүнү соттош үчүн жетиштүү деп тапты. Ал жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөө үчүн 10 жылга эркинен ажыратылды.

К. уулу А. кармалган учурдан тартып 16-майга чейин СИЗОдо болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12316