Бажы пунктунун жетекчилери ишкерлерден опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалды
RU

Бажы пунктунун жетекчилери ишкерлерден опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Кабарлангандай, Мамлекеттик бажы кызматынын "Достук" алдын ала бажы процедурасынын башчысы Н.А.Н., "Достук" алдын ала бажы процедурасынын кезектик башчысы Т.М.К. жана Ош темир жол башкармалыгынын башчысы К.Б.Ж. кармалышты.

Аты аталган адамдар "Достук" постунда алдын ала бажы процедурасынын жери аркылуу өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштуркан.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Тергөө иштери уланууда.

Башкы беттеги сүрөт: УКМКнын видеосунан алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12320