Боом капчыгайда 5 күн таш кулатылат
RU

Боом капчыгайда 5 күн таш кулатылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

22-25-май аралыгында Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Буга ылайык, Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 131-чакырымында коркунуч жараткан таштар атайылап түшүрүлөт. Мындай жумуш күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүп, транспорт үчүн жолдун бир тарабы гана ачык болот.

Андыктан автоунаа каттамдарын алдын ала пландап алуу эскертилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12339