Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер командасы Азиянын зоналдык чемпионатына катышат
RU

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер командасы Азиянын зоналдык чемпионатына катышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Непалда боло турган Азия чемпионатынын борбордук зонасына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдады.

Мелдеш Катманду шаарында 20-30-май күндөрү өтөт.

Улуттук курама команданын тизмеси:

  • Диана Искакова (байланыштыруучу);
  • Огулай Кудайкулова (байланыштыруучу);
  • Айдай Кадырова (тосмочу);
  • Камила Кумарбекова (тосмочу);
  • Анастасия Горлова (тосмочу);
  • Нурселя Чоробаева (чабуулчу);
  • Роза Расулбек кызы (чабуучу);
  • Адина Маматжан кызы (чабуулчу);
  • Алина Гаркушина (чабуулчу);
  • Айтурган Айтбекова (диагонал);
  • Гүлүм Жумалиева (коргонуучу);
  • Айымкан Өмүрбек кызы (коргонуучу)
  • Наргиза Акматова (резерв);
  • Алена Шелеметьева (резерв).

Кураманын башкы машыктыруучу Абдухамид Айсаходжиев.

Эске салсак, 2021-жылы Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Азиянын зоналдык чемпионатында төртүнчү орунга илинген.

Бангладештин Дакка шаарында өткөн Азиянын зоналдык биринчилигине Кыргызстандан тышкары Бангладеш, Мальдив, Өзбекстан, Непал, Шри-Ланканын курама командалары күч сынашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12348