Шайлоо участкоторунан сырткары 17 099 жаран добуш беришти
RU

Шайлоо участкоторунан сырткары 17 099 жаран добуш беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ добуш берүүчү мекемеден сырткары добуш берүү болду. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын шайлоосу жана референдумга сырттан добуш берүүгө 19 298 арыз келип түшкөн, деп БШК билдирди.

Добуш берүүчү мекемеден сырткары шайлоого катышуучулардын катарына ден соолугунун абалына же майыптыгына байланыштуу шайлоо участогуна келе албаган, андан тышкары ооруканда дарыланып жаткан же камакта отургандар, алыскы райондо жашагандар киришти.

Тизмеге киргендердин ичинен 17 099 жаран факт жүзүндө шайлоого катышышты.

Белгилей кетсек, Бишкекте алты участокто мыйзам бузуу боюнча арыздар келип түшкөндүктөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1234