Акылбек Жапаровдун кеңешчиси, фонддун жетекчиси СИЗОдон чыкты
RU

Акылбек Жапаровдун кеңешчиси, фонддун жетекчиси СИЗОдон чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси, Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фондунун жетекчиси Темирбек Эркинов камактан бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Белгиленгендей, 17-майда Темирбек Эркинов күнөөсүн моюнга алуу боюнча тергөө менен кызматташууга макул болуп, соттун чечими менен СИЗОдон бошотулду. Өтүнүчтү УКМКнын тергөөчүсү келтирген.

Эске салсак, Эркинов коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 4-майда кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12350