Бишкекте милиция кызматкерин сабап кетишкен. Шектүүлөр кармалды
2201
Бишкектин Биринчи Май РИИБнин милиционери Жал кичи районундагы кафелердин биринин жанынан токмоктолду. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Белгиленгендей, 17-май күнү саат 03:15 чамасында милицияга Тыналиев көчөсүндөгү Жал кичирайонунда жаштар мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
slide 2 of 3
Ал жерде буттары катуу ооруп жаткандыгына арызданган К.М. да болгон. Ал буту сынып ооруканага жаткырылган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Милиция кызматкерин сабаган шектүүлөр кармалды. Алар 2000-жылы туулган Э.А., Б.Б., К.Р. жана Ш.А. Балдар убактылуу камоочу жайга киргизилди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/12358