Нарын комиссариатынын кызматкери 120 миң сом талап кылганга шектелүүдө
RU

Нарын комиссариатынын кызматкери 120 миң сом талап кылганга шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган иш-чараларын жүрүшүндө Нарын аскер комиссариатында мыйзам бузуу аныкталды. Бул туурасында коопсуздук комитеттин маалыматында айтылат.

Маалым болгондой, 343-берененин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча Нарын шаардык аскер комиссариатынын кадрлар бөлүмүнүн башчысынын улук жардамчысы Т.М.О. 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалды.

Тинтүү учурунда которулган акча каражаты толугу менен Т.М.О.нун иш бөлмөсүнөн табылды жана документтештирди.

Бул каражат Куралдуу Күчтөрдүн бөлүктөрүнүн бирине кызматка орноштуруу үчүн талап кылынган. Тагыраагы, комиссариаттын кызматкери жарандан 120 миң сом акча талап кылган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12359