Кыргызстандык альпинист дүйнөдөгү эң бийик чоку - Эверестке чыгат
RU

Кыргызстандык альпинист дүйнөдөгү эң бийик чоку - Эверестке чыгат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

9-апрелде Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорттогу жогорку жетишкендиктерди анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги Марат Аскарбеков кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Аскарбеков Мамагенттиктин атынан альпинистке жаңы бийиктиктерди ийгиликтүү багындырып, жакшы аба-ырайы жана аман-эсен кайтып келишин каалады.

Ал эл аралык экспедициянын курамында дүйнөдөгү эң бийик чокуга - Эверестке чыгууну пландаштырууда (8848,8 метр, Непал). Экспедиция 12-апрелде легендарлуу орус альпинист Александр Абрамовдун жетекчилиги астында башталып, 2021-жылдын май айынын аягына чейин уланат. Чыгуу Непалдан түштүк жолу менен пландаштырылууда. Экспедициянын курамына Россия Федерациясынын, Израилдин, Малайзиянын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын тажрыйбалуу жана күчтүү альпинисттери кирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1235