Токтогулда 62,4 кг баңгизат катылган жашыруун жай табылды
RU

Токтогулда 62,4 кг баңгизат катылган жашыруун жай табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токтогул районундагы жеке үйлөрдүн биринен 62,4 кг баңгизат сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кинологдордун катышуусунда издөөчү иттердин жардамы менен Токтогул районунун тургуну Т.у.А. аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, жерге көмүлгөн 10 мүшөк табылган. Анын жалпы салмагы 71 кг 268 граммды түзгөн кара куурай табылган.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү Токтогул районунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12364