Баткенде мөндүр аралаш жаандан улам эгиндерге зыян келтирилди
RU

Баткенде мөндүр аралаш жаандан улам эгиндерге зыян келтирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам эгин талааларын суу каптады. Ошондой эле мөндүр аралаш жамгырдан улам эгиндерге зыян келтирилген дешет ӨКМнын маалымат кызматынан.

19-майда Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ, Согмент, Таян, Сай, Кыштут жана Чарбак айылдарында мөндүр аралаш жаан жаап, эгин аянттарына зыян келтирген.

Ошондой эле Айгүл-Таш-Согмент- Таян унаа жолуна сел суулары түшүп, жол каттамын калыбына келтирүү жана тазалоо жумуштарын жүргүзүү үчүн 2-Жол тейлөө ишканасынан 1 бирдик грейдер тартылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12372