Терроризм тууралуу атайылап жалган билдирүү тараткан жаран соттолду
RU

Терроризм тууралуу атайылап жалган билдирүү тараткан жаран соттолду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Терроризм тууралуу атайылап жалган билдирүү тараткан жаранга сот чечим чыгарды. УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Биринчи Май райондук соту айыпталуучуну 6 айга эркинен ажыратты.

18-майда Биринчи Май райондук соту тарабынан терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү фактысы боюнча кылмыш иши каралды. Анда элдин учурдагы нааразылыгын эске алуу менен иштин бардык жагдайлары изилденип чыгып, келип чыккан терс кесепеттер боюнча сот тарабынан соттолуучу Н.А.А. күнөөлүү деп табылып, 6 айга эркиндигинен ажыратылып, жалпы режимдеги түзөтүү колониясында жазасын өтөө тандалды.

Эске салсак, 2023-жылдын 3-февралында саат 06:21де 112 нөөмөт кызматына, Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Дзержинский бульварынын кесилишинде колго жасалган жардыруучу зат тууралуу жашыруун маалымат келип түшкөн. Кийинчерээк ал маалымат тастыкталган эмес.

Бул факты боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси "Терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган маалымат берүү" боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чаралардын натыйжасында 1982-жылы туулган Н.А.А. аттуу кармалып, тергөө амалдарынын жүрүшүндө бейбаштык үчүн жасагандыгын моюнга алган.

УКМКдан мындай аракеттер кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыларын белгилейт, анткени Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык, боло турган жарылуу тууралуу атайылап жалган маалыматты айтып, өрттөө же өлүм же оор жаракат алуу коркунучун туудурган башка аракеттер, бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500 сомдон 1000 сомго чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү айыпка же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12375