Оштогу карактоо: Шектүүнүн үйүнөн граната табылды
RU

Оштогу карактоо: Шектүүнүн үйүнөн граната табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто карактоо фактысы катталып, жүргүзүлүп жаткан кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн биринин үйүнөн граната табылды. Бул тууралуу Оштун шаардык милициясы маалымдады.

Ош облусунун аймагындагы болгон каракчылык фактылары боюнча иликтөө иштери уланып жатат. Учурда шектүү катары 11 адам камакта. Убактылуу камоочу жайда эки аял дагы бар.

"19-майда шаардагы Амир-Тимур кичи районунда жайгашкан үйлөрдүн биринде тинтүү жүргүзүлүп, аскердик рюкзак, аскердик кийимдер, октор, бет кап, кол кап жана бир даана "РГД-5" үлгүсүндөгү граната алынган", - деп жазылган маалыматта.

Граната шектүүлөрдүн бири И.Эге таандык экени айтылды.

Белгилей кетсек, апрелде куралданган адамдар Ош шаарындагы акча алмаштыруучу жайлардын бирине кирип, кожоюнун сабап 3,6 миллион сомун карактап кеткен. Бул карактоо боюнча кармалган адамдар Кара-Суу районунда ишкердин Toyota Land Cruiser-200 унаасын аткылап, ири суммадагы акчасын тоноого аракет кылган окуяга да тиешеси бар экени маалым болгон.

Башкы сүрөт: иллюстарциялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12384