Президенттин "Эл үмүтү" стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды
RU

Президенттин "Эл үмүтү" стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясына кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.

Буга ылайык, аталган сынакка дүйнөнүн мыкты 100 университетине академиялык окууга кабыл алынгандыгы тастыкталган жарандар катыша алат. Документтерди онлайн кабыл алуу 2023-жылдын 1-июнунан 30-июнуна чейин жүргүзүлөт.

Ал эми документтердин өзүн министрликке алып баруу керек.

Эске салсак, "Эл үмүтү" стипендиясы өткөн жылдын август айында түзүлгөн. Ал техникалык, инженердик, экономикалык жана социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистратура жана PhD докторантурада окуй тургандарга берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12386