Иранда өкмөткө каршы чыккан дагы үч киши өлүм жазасына тартылды
RU

Иранда өкмөткө каршы чыккан дагы үч киши өлүм жазасына тартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Иранда өткөн жылдагы өкмөткө каршы нааразылык акцияларынын дагы үч катышуучусу өлүм жазасына тартылды, деп билдирет Iran International.

Мажид Каземи, Саид Ягуби жана Салех Мирхашеми 2022-жылдын ноябрындагы нааразылык акциялары маалында үч коопсуздук күчтөрүн – жарым аскерлештирилген "Басиж" кошуунунун эки мүчөсүн жана бир полицияны өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган.

Өлүм өкүмү жума күнү эртең менен аткарылган. Өлүм жазасына эки күн калганда соттолгондор түрмөдөн кат тапшырып, анда бийликти соттун чечимин аткарууга жол бербөөгө чакырышкан.

17-майда Amnesty International укук коргоо уюму демонстранттардын сотун сынга алды. Буга чейин өлүм жазасына тартылган Мажид Каземи өлүм астында өзүнө жалаа жабылганын айткан.

Дагы бир соттолгон Салех Мирхашминин атасы 18-майда уулун өлүм жазасына тартуунун алдында аны коргогон плакат менен сүрөтүн социалдык тармактарга жарыялады. Плакатта мындай жазуу болгон - "Менин балам күнөөсүз. Анын куралы болгон эмес".

Ошентип 22 жаштагы Махса Аминин өлүмүнөн кийин өлкөдө болуп өткөн Иран бийликтери тарабынан өлүм жазасына тартылган демонстранттардын саны жети кишиге жетти.

Ирандын адам укуктары жана өлүм жазасына бирге каршы уюмунун маалыматы боюнча, Иран бийлиги 2022-жылы 582 адамды өлүм жазасына тарткан, бул 2021-жылга караганда 333 өлүм жазасына көп. Ошол эле учурда укук коргоочулар белгилегендей, 511 адам өкүмү ачык жарыя кылынбай эле өлүм жазасына тартылган жана 71 гана өлүм жазасына өкүм кылынгандыгы тууралуу Иран бийликтери расмий билдирген. Укук коргоочулар кеминде 16 аял жана үч жашы жете элек өспүрүм өлүм жазасына тартылганын кабарлашты. Ошондой эле 2023-жылдын үч жарым айында Иранда буга чейин 151 адам өлүм жазасына тартылганын билдиришкен.

Иранда массалык нааразылык акциялары 22 жаштагы Махса Амини хиджабды туура эмес кийгени үчүн полиция тарабынан камакка алынгандан кийин сентябрдын ортосунда башталган. Митингчилер анын өлүмүнө полицияны күнөөлөшүүдө. Иранда эки айга созулган нааразылык акцияларында 300дөн ашуун адам өлүп, 15 миңге жакыны камакка алынган.

Өлүм жазасына эки журналист да кабылышы мүмкүн - Нилуфар Хамеди жана Элае Мохаммади, алар Аминин өлүмү тууралуу биринчилерден болуп жазган. Иран бийлиги аларды мамлекеттик чыккынчылык жана АКШнын чалгындоо кызматтарында иштеген деп айыптап жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12391