Ошто ири соода үйүнөн өрт чыкты
RU

Ошто ири соода үйүнөн өрт чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы Ташрабат комплексинен өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, учурга карата өрт чектөөгө алынган.

Бүгүн, 21-майда Курманжан Датка №52 дарегинде имараттан өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм, 1 авто шаты, 1 штаб, ыкчам топ тартылып, саат 09:28де жалынды чектөөгө алышты. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө.

Жеринде милиция кызматкерлери да бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12396