Бишкекте 1700 баланын катышуусунда жарыш өттү
RU

Бишкекте 1700 баланын катышуусунда жарыш өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте рекорддук сандагы катышуучулардын саны – 2 жаштан 16 жашка чейинки 1700 бала катышкан Shoro Tay Kūlūk Kids Run балдардын массалык чуркоосу өттү. Жарыш Эски аянтта болуп, иш-чара 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө утурлай уюштурулду.

Жарыштын максаты - балдарды спортко тартуу, сергек жашоо образын жүргүзүү, ошондой эле инклюзивдүүлүктү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын коомго аралашуусун колдоо. Балдардын жарышына 80ге жакын ар кандай мүмкүнчүлүгү чектелген балдар катышты.

Жарыштын жүрүшүндө катышуучулар жаш категорияларына жана аралыктарга бөлүнүштү, тактап айтканда: 2-5 жаштагы балдар 300 м аралыкка, 6-8 жаштагылар - 500 м, 8-12 жаштагылар - 1 км жана 13- 16 жаш - 3 км. Катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, жарык болгон жерде тез жардам кызматы нөөмөттө турду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12400