Араб Эмираттарынан келген шейхмин деп Токмоктун тургунун алдап кеткен. Шектүү табылды
RU

Араб Эмираттарынан келген шейхмин деп Токмоктун тургунун алдап кеткен. Шектүү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Окуя 2 жыл мурда катталганын Бишкек ШИИББден кабарлашат.

Маалым болгондой, 2022-жылдын 30-июнунда Ленин РИИБине Токмок шаарында жайгашкан "Ак-Тилек" базарынын ээси кайрылган. Анда 2021-жылы Ж.А., У.Ж. жана Х.К. аттуу жарандар ишеничке кирип, аны алдап кетишкенин айткан. Ошондой эле аты аталгандардын бири өзүн Бириккен Араб Эмираттарынын шейхи экенин, Кыргызстанга инвестор катары келгенин билдирген имиш. Аны менен базардын ээсинин ортосунда 145 миң долларга базарды сатуу боюнча келишим түзүлүп, андан кийин инвестор изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча "Алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББдин ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүү катары Ирактын жараны Х.К. кармалды. Ал тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары башка шектүүлөргө да ушундай эле берене менен сыртынан айып тагылып, издөө жарыяланды.

Алардын дагы ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12401