Бишкектеги аза агенттиги кандай кызматтарды көрсөтөт жана баасы кандай?
RU

Бишкектеги аза агенттиги кандай кызматтарды көрсөтөт жана баасы кандай?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги муниципалдык ишканасы - сөөк коюу кызматтарын, ошондой эле көрүстөндөрдү кармоо жана көрктөндүрүү менен байланышкан кызматтарды көрсөткөн Бишкек шаарындагы жалгыз муниципалдык ишкана. Муниципалдык мекеме калкка аза кызматтарынын толук комплексин көрсөтөт дешет мэриядан.

Кызматтардын кепилденген тизмеси (мусулман аянты):

  • Сөөк коюу үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө;
  • Кепин жана башка аза буюмдарын берүү;
  • Табытты жана улуттук боз үйдү убактылуу пайдаланууга берүү;
  • Боз үй, титан, казан, отургуч, сөөк жууй турган отургучту жана башка сөөк коюуга керектелүүчү буюмдарды жеткирүү;
  • Маркумдун сөөгүн көрүстөнгө ташуу;
  • Сөөк коюу;
  • Белгини жана эстеликти жеткирүү жана орнотуу;
  • Ошондой эле башка кызматтар.

Кызматтардын кепилденген тизмеси (христиан аянты):

  • Сөөк коюу үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө;
  • Табыт (гроб) жана башка аза буюмдарын берүү;
  • Табытты жана көмүү үчүн зарыл болгон башка буюмдарды дарегине жеткирүү;
  • Маркумдун сөөгүн көрүстөнгө ташуу;
  • Сөөк коюу;
  • Ошондой эле башка кызматтар.

Сөөк коюу боюнча кызматтар:

  • Механикалык жана кол менен мүрзө казуу, экинчи орунду ээлөө мүмкүнчүлүгү;
  • Маркумду ташуу үчүн автокатафалк берүү;
  • Мүрзө дөбөчөсүн түзүү жана белгини орнотуу менен көмүү;
  • Ошондой эле башка кызматтар.

Азага керектүү товарлардын толук түрү менен Орозбеков көчөсү, 344 "А" (эски толчок) жайгашкан дүкөндөн жана Суеркулов көчөсү, 3 дарегинде жайгашкан (шаардык өлүккананын жанындагы) күркөдөн таанышса болот.

Товарлардын төмөнкү түрлөрү бар:

  • гүлчамбарлар жана себеттер;
  • табыттар;
  • белгилер, тосмолор, мамылар;
  • чатыр;
  • улуттук боз үйлөр;
  • отургучтар;
  • жана көптөгөн башка түрлөрү.

Шаардын четине маркумду ташуу үчүн автокатафалктар (сыйымдуулугу жетиден жыйырмага чейин отура турган орундуу) менен камсыз кылат.

Атайын даярдалган техникалар колдонулат: Mercedes-Benz, адистештирилген автобус (катафалк), адистештирилген машина Cadillac, адистештирилген машина Mercedes-Benz Sprinter, адистештирилген машина Mercedes-Benz Viano, ошондой эле транспорт каражаттарынын башка түрлөрү.

  • Көмүү үчүн орундар (көрүстөндөн участок) – акысыз.
  • Мүрзө казуу, көмүүгө орун даярдоо – 9800 сомдон башталат;
  • Адистештирилген машиналарга транспорт чыгымдары – 1000 сомдон жогору;
  • Боз үйдү убактылуу пайдаланууга берүү – 760 сомдон баштап;
  • Табыттардын баалары – 5600 сомдон башталат. Бул суммалар муниципалдык ишкана тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмесине ылайык берилди.

Агенттик төмөнкү дарек боюнча жайгашкан: Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 344 "А".

Толук маалыматты +996 (312) 37 03 86, +996 (558) 80 10 10, +996 (508) 83 10 10, башкы инженер: +996 (558) 78 77 78 телефондору боюнча жана http://baru.kg сайтынан алсаңыздар болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12410