1000 сомго чейин акча алып турушкан. Чек ара пункттарынын айрым кызматкерлери кармалды
RU

1000 сомго чейин акча алып турушкан. Чек ара пункттарынын айрым кызматкерлери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чек ара кызматынын "Кайтпас" жана "Өтүкчү" көзөмөл-өткөрүү пункттарында тинтүү иштери жүргүзүлүп, айрым аскер кызматчылары кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, 16-майда 337-берене (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Чек ара кызматынын "Кайтпас" жана "Өтүкчү" көзөмөл-өткөрүү пункттарында тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада айрым аскер кызматчылары кармалып, акча каражаты алынды. Табылган акча каражаттарга алдын ала "пара" белгиси коюлган, бул Чек ара кызматынын айрым аскер кызматкерлери тарабынан опузалап акча талап кылынгандыгын тастыктаган.

Аскер кызматчылары өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик кызматтын кызыкчылыгына каршы келип, өткөрмө бекеттерден өткөн адамдарды атайылап ыңгайсыз абалга келтирип, Кыргыз-Өзбек мамлекеттик тилкесинен тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн жарандардан системалуу түрдө 50 сомдон 1000 сомго чейин мыйзамсыз акча талап кылышкан.

Акча берүүдөн баш тарткан учурда аскер кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен паспорттук текшерүүдөн өткөрбөй коюшуп, жарандарды чек арачылардын талаптарына баш ийип, керектүү сумманы берүүгө мажбур кылышкан.

Учурда Чек ара кызматынын 4 аскер кызматкери кармалып, Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди, аларга карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12425