БШКнын жанында шайлоо жыйнтыктарына нааразы болгондор чогула башташты
RU

БШКнын жанында шайлоо жыйнтыктарына нааразы болгондор чогула башташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Социал-демократтардын" өкүлдөрү, анын катарында Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаев жана башка талапкерлер Боршайкомго бет алышкан. Алар Бишкек боюнча өткөн жергиликтүү шайлоонун жыйынтыктарына макул эместигин билдиришти.

Алдын ала берилген маалыматка ылайык, "Улутман", "Реформа" партиялары да шайлоонун жыйынтыктарына нааразы.

"Биз шалоонун жыйынтыктарына каршыбыз", - деп "Социал-демократтар" Kaktus.media'га билдиришти.

Маселен, Султанбеков "Эмгек" партиясынын жүрүм-турумуна нааразы. Алдын ала жыйынтыктар боюнча ал лидерлик кылып жатат.

Биз "Эмгек" партиясын ат салышуудан чыгарууну талап кылабыз, аларга сегиз кылмыш иши козголгон.

Эскек салсак, алдын ала берлиген маалыматка ылайык, Бишкек шаардык кеңешке алты партия өттү. "Социал-демократтарга" шаардыктардын болгону 5,52%ы добуштарын беришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1242