Кыргызстанда айрым абоненттер үчүн интернет үзгүлтүккө учурады
RU

Кыргызстанда айрым абоненттер үчүн интернет үзгүлтүккө учурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Mega уюлдук операторунун абоненттери интернет көйгөйүнө туш болушту. Маалыматты аталган компаниядан тастыкташты.

Буга чейин уюлдук оператордун жана башка интернет-компаниялардын абоненттери дүйнөлүк желеге кирүүдө көйгөйлөргө туш болушту. Тактап айтканда, кээ бир интернет баракчалар ачылбай калды.

"Альфа Телеком" жабык акционердик коому "жогорку провайдер тарапта техникалык мүчүлүштүктөр болуп, мындан улам интернетке кирүүдө убактылуу көйгөйлөр жаралганын билдирди.

Компания интернет байланышы качан калыбына келерин айткан жок.

Эске салсак, апрель айында Кыргызстанда интернет байланыш үзгүлтүккө учураган. Анда Казакстандан келген сигналдын жоголуп кетиши себеп болгон.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12437