ГУМ менен "Дордой плазанын" ээлери мэрдин креслосун бөлүшүп алышат
RU

ГУМ менен "Дордой плазанын" ээлери мэрдин креслосун бөлүшүп алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Эмгек" жана "Ак Бата" партиялары шайлоодо жеңишке жетишсе Шаардык кеңеште коалиция түзүү тууралуу келишип алышкан. Бул тууралуу "Ак Бата" партиясынын пиар бөлүмү билдирген.

"Ак Бата" штабы берген маалыматка ылайык, Нариман Түлеев менен Аскар Салымбеков буга чейин Шаардык кеңештеги кызматташуусун талкуулашкан. Алар Салымбековдун партиясы Түлеевдин кандидатурасын мэрдин кызматына талапкерлигин колдой тургандыгын макулдашып алышкан.

"Эмгек" партиясынын пиар-бөлүмү бул туурасында азырынча эч кандай комментарий бере элек. Алар шайлоонун расмий жыйынтыктарын күтө турууну эп көрүп жатышат.

Белгилей кетсек, алдын ала берилген маалыматка ылайык, "Эмгек" жана "Ак Бата" 9 жана 8 мандат алышат, бирок колго жасалган эсептөө жыйынтыктарды өзгөртүшү мүмкүн.

Ал ортодо бир нече партия шайлоонун жыйынтыктарына каршылыгын билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1243