Эсеп палатасынын аймактык кызматкери 100 миң сом менен кармалды
RU

Эсеп палатасынын аймактык кызматкери 100 миң сом менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн кызматкери 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Маалым болгондой, УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн. Анда Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкери В.Ш. тарабынан Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Мойнок айыл аймагынын мурдагы башчысы А.М.дан финансылык-чарбалык ишин текшерүү маселесинде оң чечим чыгарып берүү үчүн 160 миң сом өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталган.

19-майда УКМК тарабынан 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен көрсөтүлгөн В.Ш. кармалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кармалган адам Бишкек шаардык 1-тергөө камак жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12441