Чыгаан диктор Бактыбек Мамытовдун көрүстөнүнө эстелик тургузулду
RU

Чыгаан диктор Бактыбек Мамытовдун көрүстөнүнө эстелик тургузулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кыргыз телесинин жүзү Бактыбек Мамытовдун көрүстөнүнө эстелик тургузулду. Бул туурасында 23-майда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

"Ала-Арча" көрүстөнүндө чыгаан диктор Бактыбек Мамытовдун эстелигинин ачылышы болду. Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апаз Жумагулов, УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев, Бакытбек Мамытовдун үй-бүлөсү, кесиптештери жана өнөр адамдары катышты.

Ошондой эле Бактыбек Мамытовдун диктор катары балдарга, жаштарга, улууларга арналган көрсөтүүлөрдү, жаңылыктарды, саясий-коомдук берүүлөрдү, айыл чарба, укуктук, тармактык көрсөтүүлөрдү, өзгөчө "Арноо концерти" сыяктуу берүүлөрдү, мамлекеттик деңгээлдеги расмий иш-чараларды, майрамдык ири салтанаттарды бийик чеберчиликте алып барганы, кайталгангыс үнү, мукам тембри, алып баруу манерасы, көрүүчү, угуучуну арбап алгандыгы элдин эсинде экени эскерилди.

Мындан сырткары эл сыймыгына айланган Бактыбек Мамытов ар бир кыргыз үй-бүлөсүнүн бир мүчөсү катары эл сыймыгы, эл адамына айланганы менен башкалардан айырмалана алганы баса белгиленди.

Бактыбек Мамытов 1950-жылы азыркы Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында төрөлгөн. 1967-жылы Чүй районунун Октябрь айылындагы орто мектепти аяктап, совхоздо эмгек жолун баштаган. 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып аны ийгиликтүү аяктаган.

1975-жылдын мартында Кыргыз ССРинин телерадио комитетине диктор болуп жумушка алынган. Дээрлик 40 жылдан ашуун аталган мекемеде эмгек өтөгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12445