Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу 60 станция орнотулат
RU

Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу 60 станция орнотулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бишкекбашкыархитектуранын" жыйындар залында Бишкек мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана жеке компаниялардын кызматкерлери чогулушту.

Жыйында унааларды кубаттоочу станцияларды орнотуу маселеси каралды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Бишкекбашкыархитектура" жана Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан 60 станцияга уруксат берүүчү документтерди иштеп чыгуу аяктаган.

Жолугушуунун жыйынтыгында шаардык кызматтарга параллелдүү өндүрүштүк иштерге ордер берүүгө уруксат берүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле унаа токтотуучу жайды бренддөө жана тиешелүү белгилерди орнотуу маселеси талкууланды.

Эскерте кетсек, акселераторлор тобунун бул жолугушуулары "Кыргыз Республикасында электромобилдер үчүн электр станцияларын орнотууга уруксат алууну жөнөкөйлөтүү" долбоорунун "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында өтүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12449