Эки жүргүнчү унаадан ыргып кеткен. №135 маршрутканын айдоочусу иштен алынды
RU

Эки жүргүнчү унаадан ыргып кеткен. №135 маршрутканын айдоочусу иштен алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбор калаанын Жал кичи районунда катталган кырсыктан кийин №135 маршрутканын айдоочусу иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ күнү Масалиев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчү ташыган №135 кичи автобус менен Hyundai Sonata жеңил унаасы кагылышкан. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктан беш адам жабыркап, алардын төртөө кичи автобустун жүргүнчүлөрү жана жеңил унаанын айдоочусу болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол чырактын кызыл белгисинен өтүп бара жатып, сүзүшкөн, катуу соккудан кичи автобустун каптал терезеси сынып кеткен.

Социалдык тармактарда аталган жол кырсыгында эки адамдын терезеден учуп кеткен видеосу тараган.

Кырсыктын кесепетинен беш адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылган. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, так медициналык корутунду алуу үчүн учурда экспертиза жүргүзүлүүдө.

"Транспорт башкармалыгы тарабынан жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча бир нече жолу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алдын алуу жана жол эрежесин сактоонун маанилүүлүгү тууралуу маселе жүк ташуучу компаниялардын жетекчилерине да бир эмес бир нече ирет көтөрүлгөн.

Буга байланыштуу кичи автобустун айдоочусу Омор уулу М. жумуштан бошотулуп, жагдайлар такталганга чейин унаалар убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Иликтөө иш-чаралары Бишкек ШИИББи тарабынан жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12462