Депутат прокуратура кызматкерлерине: "Асмандабай, жерде жүргүлө"
RU

Депутат прокуратура кызматкерлерине: "Асмандабай, жерде жүргүлө"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Шайлообек Атазов парламент жыйынында прокурорлорго нааразычылыгын айтты. Эл өкүлү башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, айланасын тазалоого чакырды.

"Адам баласы бир гана Кудайга сыйыныш керек. Тилекке каршы, биздин мамлекетте Кудайдан башкага сыйынгандар да пайда болду. Кээ бир адамдарды асмандабай, жерде жүрүүгө чакырам. Прокуратура тууралуу айтып жатам. Жогорку Кеңештин токтому менен комиссия Ысык-Көлгө бардык. 1 апта мурун кат жөнөткөнбүз. Ысык-Көлдөгү балдар үчүн лагердин баары сатылып кеткен - 95 объект. Облустун прокурору, орун басары келген жок. Биз Бишкектен бардык, алар Чолпон-Атада туруп келишкен жок.

1 райондун прокурору келип, 5 районго жооп берем дейт. Мына маскарапоздук.

Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясына бир райондун прокурору келип "мен жооп берем" деди. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда текшерүү менен болдук. 1 ай мурда билдирме жөнөткөнбүз. Аламүдүнгө бардык. Прокурор барып, 5 мүнөттөн кийин "генеральный чакырып жатат" деп кетип калды. Эмне, "генеральный" деген эстелик коюп алып, сыйынасыңарбы?", - деп нааразы болду.

Атазов прокурорлор президенттин, Жогорку Кеңештин буйруктарын аткарбай жатат деп эсептейт. Тагыраагы, чет өлкөлүк ишкерлердин укугу корголбой жатат дейт.

"Курманкул Токторалыевич, депутат катары эмес, иниңиз катары айтайын. Тегерегиңизди тазалап алыңыз! Бүгүнкү күндө алдамчылык боюнча канча иш болсо, ошонун баары Башкы прокуратурадан токтоп жатат. Сиздин Кутман Таштанбекович деген орун басарыңыз бар. Жогорку Кеңештеги отчётко чейин күнүнө эки жолудан чалып жаткан, баяндамасын жасагандан кийин телефон чалсаң албайт. Урматтуу төрага, УКМК билдирмелерге жооп берет, Башкы прокуратурадан жооп жок", - деди Атазов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12472