"Кордобогулачы!". Спикер аты-жөнүн орус тилинде жазган депутаттарга нааразы болду
RU

"Кордобогулачы!". Спикер аты-жөнүн орус тилинде жазган депутаттарга нааразы болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жыйында аты-жөнүн орусча жазып алган чиновниктерди сынга алды. Айтымында, кагазда көрсөтүлгөн инициалдарды окуганда уккан адам аны туура эмес окуп жатат деп кабыл алат.

"Сиздерге кеңеш катары айтып коёюнчу. Ата-тегиңиздердин аттарын кордобой, сый мамиле кылсаңыздар. Сиздердин фамилияңыздарды окуганда кыргыз эли мени туура эмес окуп жатат деп ойлойт. Бирок мен тууралап окуп жатам. Мисалы Дүйшөнкулович дегенди Дуйшенкулович деп жазыптыр. Оңдотуп албайсыңарбы. Качан эле Дүйшөнкул Дуйшенкул болду эле. Нурдоолот деген кыргызча Нурдөөлөт, эмне үчүн дагы деле оңдолбой жүрөт. Алмазбек Оганович - оган деген жок, Ооганович. Жазгуль Ильичевна - Жазгүл. Азирет Доолатбекович - Дөөлөтбекович да туурабы? Ушуну оңдотпойсуңарбы! Мен ушинтип окусам "спикер фамилияларды туура окуй албай жатат" деп эл мага күлөт. Кыргыздын атын кордобогулачы, айланайындар!", - деди Шакиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12473