Дүйнөнү COVID-19дан күчтүү илдет капташы мүмкүн. ДССУ коңгуроо какты
RU

Дүйнөнү COVID-19дан күчтүү илдет капташы мүмкүн. ДССУ коңгуроо какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнөнү жаңы илдет капташы мүмкүн. Анын кооптугуулугу ковидден бир топ жогору болот. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маалымдаганын РИА Новости жазды.

Маалым болгондой, бул билдирүүнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун директору Тедрос Аданом Гебреисус Женевадагы жыл сайын өтүүчү ассамблеяда жасаган.

"Оорунун жана өлүмдүн жаңы очокторуна алып келиши мүмкүн болгон дагы бир варианттын (COVID – ред.) пайда болуу коркунучу сакталууда. Мындан тышкары дагы өлүмгө дуушар кыла турган жаңы патогендин пайда болуу коркунучу бар", - деди ДСУнун башчысы.

Тедрос Аданом Гебреисус бүткүл дүйнөнү бул коркунучка жамааттык жооп берүүгө даяр болууга чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12483