WASTENET.KG: 23 уюм "Калдыктарды башкаруудагы мыкты тажрыйба-2023" эко-белгисин алышты
RU

WASTENET.KG: 23 уюм "Калдыктарды башкаруудагы мыкты тажрыйба-2023" эко-белгисин алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мейманканалар, конок үйлөр жана кафелер, тамак-аш ишканалары, банктар, жогорку окуу жайлары, кеңселер, ал турсун мамлекеттик/муниципалдык уюмдар, калдыктарды топтоо маселесин чечүү жана алардын таштандыга таштоону азайтуу боюнча экологиялык жоопкерчиликти ачык-айкын көрсөтүү укугуна ээ болушту. Бул уюмга Бишкек шаары эле эмес, Кант, Кой-Таш, Кош-Көл, Талас, Каракол, Баткен, Жыргалаң шаарлары да киришти.

"Best Recycle Practice - Kyrgyzstan" энбелгиси - калдыктарды андан ары кайра иштетүүгө жана экинчи пайдаланууга берүү үчүн өзүнчө чогултууну киргизүү жолу менен калдыктарды башкаруунун мыкты тажрыйбасынын көз карандысыз экологиялык маркалоосу болуп саналат. Шайкештик сертификатын жана экомаркалоону колдонуу укугуна уруксат берүү жөнүндө чечим, WasteNet.KG долбоорунун оператору тарабынан жүргүзүлгөн аудиттин оң корутундусунун негизинде кабыл алынат. Энбелги 1 жылдык мөөнөткө берилет, аны андан ары узартуу үчүн кайрадан аудиттен өтүү керек.

Бул жылы, мейманкана объектилеринде таштандыларды башкаруу тутумунун тийиштүү деңгээлде орнотулгандыгын тастыктаган "жашыл" белгиге төмөнкүлөр ээ болушту:

МейманканаларЖайгашкан орду
"Jannat Resort" мейманканасы Кой-Таш, Чүй облусу
"Орион" мейманканасыБишкек шаары
"Лесной" кафе-бары, "Европа" мейманканасыБишкек шаары
"Хаятт Ридженси Бишкек" мейманканасыБишкек шаары
"Радуга West" эс алуу борборуЫссык-Көл облусу, Кош-Көл айылы
"Кербен Палас" мейманканасы Талас шаары
"Тагайтай-Каракол" мейманканасы Каракол шаары
"Алаколь-Жыргалан" конок үйүЫссык-Көл облусу, Жыргалаң айылы
"Дестинация долина Жыргалан" коомдук бирикмеси - 11 конок үйЫссык-Көл облусу, Жыргалаң айылы
Ишканалар (тамак-аш тармагы)
"Дан Агро Продукты" ЖЧКсыЧүй облусу
"ШоколадКА" ЖЧКсыБишкек шаары
Банктар
"Дос-Кредобанк" ААКы (башкы кеңсе, Борбордук филиалдын жашыл кредиттик түйүнү)Бишкек шаары
"РСК Банк" ААКы (башкы кеңсе)Бишкек шаары
"Керемет Банк" ААКы (башкы кеңсе)Бишкек шаары
"Халык Банк Кыргызстан" ААКы (башкы кеңсе)Бишкек шаары
Окуу жайлар
Борбордук Азиядагы Америка Университети (БААУ)Бишкек шаары
Баткен мамлекеттик университетиБаткен шаары
"Билимкана" Япония мектеби Чүй облусу, Кант шаары
Маркеттер
Фрунзе гипермаркеттер тармагыБишкек шаары
("Азия Ритейл" ЖАКы)
Кеңсе
"Кыргыз Туризм" ЖЧКсыБишкек шаары
Мамлекеттик |муниципалдык уюмдар
Нарын шаардык маданият бөлүмү Нарын шаары
Он-Арча айыл өкмөтүНарын облусу

Сыйлыктарды жана сертификаттарды тапшыруу, белгилүү бренд - Coca-Cola компаниясынын "Калдыксыз дүйнө" аттуу глобалдык демилгесинин алкагында өткөн "Green Waste Leaders - 2023" (Бишкек, 2023-жылдын 19-майы) иш-чарасынын алкагында, ошондой эле 1972-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан белгиленген Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө утурлай өттү. Быйылкы 2023-юбилейлик жылы 5-июнда, пластикалык булгануу маселесин чечүү көйгөйүнө өзгөчө көңүл бурулат.

Иш-чаранын жүрүшүндө:

  • Калдыктардын менеджмент системасын киргизүү маселелери боюнча чарбакер субъекттерге консультацияларды өткөргөн бизнес-консультанттардын;
  • Өз аймактарында калдыктардын топтолушунун абалын жакшыртууга салым кошкон адамдардын;
  • Айлана-чөйрөнүн булганышы, калдыктарды жоопкерчиликтүү пайдалануу жана башкаруу проблемаларын чагылдырган ЖМКнын журналисттеринин лидерликтери да белгиленди.

Маалымдама. Уюмда калдыктарды башкаруу тутумун киргизүү жана колдоо боюнча критерийлерди аткарып жаткандыгын билдирген WasteNet.KG калдыктарды башкаруу тармагынын катышуучулары, Экологиялык сертификаттын прототибинин негизинде энбелги алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Кыргыз Республикасында калдыктарды башкаруу боюнча WasteNet.KG ишкердик тармагы, бул өлкөдөгү калдыктарды башкарууну комплекстүү чечүү үчүн платформа болуп саналат. Тармак "The Coca-Cola Foundation" эл аралык фонду жана "ESG Центральная Азия" агенттиги тарабынан түзүлгөн жана колдоого алынган. Бүгүнкү күндө ал 201 мүчөнү бириктирет жана өнөктөштүк үчүн ачык.

Кененирээк: www.wastenet.kg (соц.тармактарда [email protected])

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12485