Кылмыштуулукту токтото албай жатабыз. Ташиев убактысы аз калганын жазды
RU

Кылмыштуулукту токтото албай жатабыз. Ташиев убактысы аз калганын жазды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн Facebook баракчасында мамлекет кылмыштуулук менен күрөшүүнүн экинчи этабына өткөнүн жазды.

"Мамлекеттин түпкүлүгүнө оор залакасын тийгизген кылмыштуулуктун түрлөрү менен күрөшүп келе жатабыз, бирок токтото албай жатабыз", - деди ал.

Ал кылмыштуулукка каршы күрөш үч этапка бөлүнгөнүн кошумчалады:

  • 1. Күрөштү системалдаштыруу, багытын аныктоо.
  • 2. Мыйзам чегинде жазалоону күчөтүү.
  • 3. Маалымат, түшүндүрүү, ийгиликтерди чыңдоо.

Биринчи баскыч эми гана бүттү

Ташиев өлкө башчы Садыр Жапаровдун каттуу койгон талаптарынын жана түзүлгөн шарттардын негизинде аёсуз күрөш улантылып жатканына токтолду.

"Биринчи этап эми гана бүттү, биз ойлогондой оңой болгон жок, эки-үч ай, ашып кетсе 6 айда дегенбиз, а бирок, 2,5 жылга созулду, өтө көп эмгекти, өжөрлүктү, чынчылдыкты жана чыдамкайлыкты жумшадык", - деп айтылат билдирүүдө.

Экинчи этапты баштоо алдында турабыз, бул этаптын алкагында мыйзам чегинде жазаларды максималдуу колдонобуз

"Буга чейин колго түшкөн коррупционерлер келтирген зыянын бир нече эсе төлөп, анан соттун чечими менен женилирээк жаза алып кутулуп келген. Эми биз коррупционер келтирген зыянды эле эмес, колундагы баардык мүлкүн жана соттон мыйзамдын беренесинде каралган эң жогорку жазаны чектейбиз, көзөмөлдөйбүз.

Коомубуз түшүнүш керек: биз аёсуз күрөш жана ачык айкындуулук менен гана мамлекетибизди өнүктүрөбүз.

Бул экинчи этап 1-1,5 жылга созулат го деп ойлоймун, бул өтө оор болот, жеке мен баарынан баш тартуум керек: майда-чүйдөнү айтпаганда бала, бир тууган, дос-жолдоштор, туугандар", - деп жазган УКМКнын төрагасы.

Ал мамлекеттик кызматкерлерди иштерди так аткаруу чакырды.

Мындан ары мыйзам бузгандарга мыйзам чегинде өтө катаал чаралар көрүлөт

"Урматтуу мамлекеттик кызматты аркалагандар, дагы бир жолу эскертемин, чогуу мамлекетке иштеген кызматкер катары суранамын: мыйзамды бузбай ишиңерди так аткаргыла, коррупцияны токтоткула, эч качан суранбагыла, мындан ары мыйзам бузгандарга мыйзам чегинде өтө катаал чаралар көрүлөт. Бандиттер, каракчылар, бирөөнүн мүлкүнө көз арткандар, контрабандисттер, мамлекетти алдаган шылуундар түп-тамырыңар менен мыйзам чегинде жок кылынасыңар", - деп айтылат маалыматта.

Же мени коорупционерлер жеңет, же болбосо мен буларды мыйзамдуу тартипке саламын

Ташиев мамлекет башчы анын алдына койгон тапшырмасы ушундай экенин кошумчалап, убакыт өтүп жатканын, ал эми өзүнүкү өтө аз калганын айтып, үлгүрүшүм керек деп жазды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12492