Салык кызматкерине пара берип жатканда чет элдик жаран кармалды. Видео
2657
Чет элдик жаран кызмат адамына пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.
Маалыматка караганда, 23-майда Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине ишкердик субъекттин ишмердүүлүгүн текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда чет элдик жаран К.А. кармалды.
slide 2 of 3
Чет элдик жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/12496