Жанар Акаев банктардан ишкерлерге аз пайыз менен насыя берүүнү талап кылды
RU

Жанар Акаев банктардан ишкерлерге аз пайыз менен насыя берүүнү талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өлкөдөгү банктардан ишкерлерге Дүйнөлүк банктан түшкөн каражаттын эсебинен насыя берүүнү талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-майда парламенттин жыйынында билдирди.

Акаевдин айтымында, Кыргызстан 150 миллион доллар насыя алган.

"Бул акча ишкерлер үчүн каралган. Акчанын бир бөлүгү берилди, дагы 60 миллион доллар калды. Азыр бул банктар ишкерлерге ар кандай шылтоолор менен каражат бербей жатат. Алар жогорку пайыз менен насыя алсын деп жатышат. Муну токтотуу керек. Кредиттик келишимдин эрежелерин сактагыла!", - деп талап кылды парламентарий.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12501