Дастан Бекешев 1-июнда кичинекей балдары бар ата-энелерди жумуштан бошотууну сунуштады
RU

Дастан Бекешев 1-июнда кичинекей балдары бар ата-энелерди жумуштан бошотууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 1-июнда 6 жашка чейинки балдардын ата-энелерин жумуштан бошотууну сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин 25-майдагы жыйынында билдирди.

Парламентарий ал күнү ата-энелерди бир нече саатка жумуштан бошотууну сунуштады.

"Эгерде өкмөт Балдарды коргоо күнүн - кызыл күн деп жарыялоону каалабаса, анда ата-энелерди жок дегенде бир нече саатка жумушунан бошотсо болот. Алар бул убакытты балдары менен өткөрөт эле", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12503