Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы Бангладешти жеңди
RU

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы Бангладешти жеңди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Бангладештин командасын жеңди. Бул Азия чемпионатынын борбордук зонасынын биринчилиги үчүн улуттук курамдын биринчи жеңиши.

Непалдын Катманду шаарында өтүп жаткан мелдеште Кыргызстандын курамасы Бангладештин командасын 3:0 эсебинде жеңген. Кыргызстандын командасы буга чейин Непал жана Индиянын командаларынан жеңилген.

Мелдешке 8 мамлекеттен - Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Непал, Шри-Ланка, Бангладеш, Мальдив жана Индиядан келген курама командалар катышып жатат.

Белгилей кетсек, Азия чемпионатынын борбордук зонасы Непалдын Катманду шаарында 20-май күнү башталган, оюндар 30-майга чейин уланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12509