Жайыл районунда кыз ала качууга шектуулөр кармалышты
RU

Жайыл районунда кыз ала качууга шектуулөр кармалышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 11-апрель күнү Жайыл районунун ИИБсинин нөөмөт бөлүгүнө Кара-Дөбө айылынын жашоочусу кайрылып, анын жашы жете элек 2003-жылы туулган кызын белгисиз балдар никеге туруу максатында ала качып кетишкенин билдирген. Бул тууралуу ИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй облусунун ИИББсинин жана Жайыл РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы окуяга шектелип, 1999-жылы туулган С.А., С.М. жана 1998-жылы туулган Ш.Б, аттуу балдар кармалышып убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция кызматкерлери тарабынан 2003-жылы туулган кыз ата-энесине кайтарылып берилген. Сотко чейинки өндурүш иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1254