Равшан Жээнбеков президенттен жакындарына болгон куугунтукту токтотууну өтүндү
RU

Равшан Жээнбеков президенттен жакындарына болгон куугунтукту токтотууну өтүндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясатчы Равшан Жээнбеков президент Садыр Жапаровго кайрылып, анын жакындарын куугунтуктоону токтотууну өтүндү. Каттын сүрөтүн Archa.media жарыялады.

"Үч жылдан бери менин үй-бүлө мүчөлөрүмдү куугунтуктоо, камоо уланууда. Баары камалышты. Саясий оппонентиңизди куугунтуктоо бир, ал эми анын жакындарын кугунтуктоо кадыр-барк алып бербейт. Саясий маданиятка туура келбейт. Мындай көрүнүш Тажикстан менен Түркмөнстанда жок. Жакындарымды, үй-бүлө мүчөлөрүмдү камоо, куугунтуктоо токтотулсун!", - деди ал.

25-майда УКМКнын кызматкерлери Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеваны кармашкан. Маалыматка ылайык, ал Бишкектеги жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп шектелүүдө.

26-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Салкынай Алимбаеваны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ал 24-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков өзү учурда Кемпир-Абад окуясы боюнча Бишкектеги СИЗО-1де. Саясатчы Ленин районундагы парламенттик шайлоого да катышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12560