Чүйдө мурдагы айыл башчы менен жергиликтүү депутат кармалды
RU

Чүйдө мурдагы айыл башчы менен жергиликтүү депутат кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Октябрь айыл аймагынын мурдагы башчысы жана жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Белгиленгендей, мурдагы айыл башчы Т.у.К. 337-берененин 2-бөлүгү (Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча, ошондой эле 210-берененин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты М.Ж. ("Марлен КейДжи" фондунун директору) кармалды. Алар жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз чыгарып алуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан.

Такталгандай, 2017-2020-жылдар аралыгында Т.у.К. аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адиси К.Б. жана жергиликтүү кеңештин депутаты М.Ж. менен алдын ала сүйлөшүп, жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү деген шылтоо менен жарандардан мыйзамсыз түрдө акча өндүрүшкөн. Жарандар 30 000 сомдон "Марлен КейДжи" коомдук кайрымдуулук фондунун эсебине которууга мажбур болушкан.

Бул коррупциялык схеманы ишке ашыруунун натыйжасында акча каражаты Октябрь а/а бюджетинен айланып өтүп, жер тилкесин алуу үчүн шарт катары киргизилген.

"Айыл Банк" ААКсынан "Марлен КейДжи" фондунун финансылык эсептериндеги документтерди алуунун жыйынтыгында мыйзамсыз жыйымдардын жалпы суммасы 6 млн 767 миң сомду түзгөндүгү, ал акчалар мезгил-мезгили менен М.Ж. тарабынан накталай алынып тургандыгы аныкталды. Ошол эле учурда "Марлен КейДжи" фондунун эсебине аталган төлөмдөрдү төлөгөн жарандардын саны 240тан ашат.

Муну менен катар Т.у.К.га карата айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусундагы жерлерди туугандарына жана өзүнүн жакындарына тиешелүү процедураларды жүргүзбөстөн мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. 25-майда аталган адамдар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12562