Унаалардын бири оодарылып кеткен. Дордой-1 конушунда жол кырсыгы катталды
RU

Унаалардын бири оодарылып кеткен. Дордой-1 конушунда жол кырсыгы катталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дордой-1 жаңы конушунда жол кырсыгы катталып, унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына күбөлөр билдиришти.

Окуя бүгүн, 27-майда саат 16:10до болгон.

Күбө болгондордун айтымында, унаа болжол менен саатына 60-80 км ылдамдыкта жүргөн. Жолдун кесилишинде Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа менен кагышып, анын бампери талкаланган. Рулда отурган аял шок абалында болсо керек, ылдамдыгын ашырып, кырсык болгон жерден бир нече метр алыстыктагы ​мамыга урунган. Натыйжада анын унаасы оодарылып кеткен. Аялды ооруканага алып кетишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12564