Президент катышкан достук турнири: Чейрек финалга чыккан командалар
RU

Президент катышкан достук турнири: Чейрек финалга чыккан командалар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Футбол боюнча салтка айланган "Мурас" достук турниринин биринчи күнү аяктады

Бүгүн, 27-майда 16 команданын ичинен чейрек финалга чыгуу үчүн группалар арасындагы оюндар өттү.

Группалык этаптын жыйынтыгы боюнча чейрек финалга төмөнкү командалар чыгышты:

  • "Президенттин командасы" – "Спорт Жылдыздары";
  • "Коопсуздук" – "Ыйман";
  • "Спорттук Федерациялар" – "Достук";
  • "Өнөр" – "Ден-Соолук".

Эртең, 28-майда "Газпром- балдар" ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар өтөт.

Оюндарды УТРК түз эфирде көрсөтөт. Түз алып баруу саат 10:00дө башталат.

Белгилей кетсек, турнирди көрүүнү каалагандардын бардыгы үчүн "Газпром - балдарга" спорт комплексине кирүү акысыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12565