Ош облусунда жер титиреди
RU

Ош облусунда жер титиреди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, жер титирөө 27-майда саат 19:24тө болгон. Жердин силкиниши Шералы, Шоро-Башат, Кароол айылдарында жана Өзгөн шаарында 3,5 баллга чейин сезилген. Ал эми Кара-Дыйкан, Жылынды, Красный Маяк, Калта, Бакмал жана Мырза-Арык айылдарында 3 балл. Мырза-Аке, Большевик, Куршаб айылдарында 2,5-3 балл.

Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор болгон жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12569